Мейкинбек Абдалиев депутаттык мандатын тапшырат  

  • 4 недели мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев мандатын тапшырат. Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн анын маселесин карай турганы белгилүү болду.

Мейкинбек Абдалиев парламенттин VII чакырылышына «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган. VI чакырылышта Абдалиев «Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланган. Ал 2021-жылы да депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.

Депутаттын эмне себептен мандатын тапшырып жатканы азырынча белгисиз.

Буга чейин Мейкинбек Абдалиев “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тарткан.

Сүрөттө: Мейкинбек Абдалиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты