Депутат Бекешев Бишкектеги мыйзамсыз курулуштар боюнча маселе көтөрдү
- 3 года мурун
Бүгүн, 17-февралда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар тарабынан бир катар көйгөйлөр көтөрүлдү.
Депутат Дастан Бекешев Президенттин 2021-жылдын март айындагы жарлыгы аткарылбай жаткан айтты:
-Аталган жарлыктагы талаптар аткарылбай жатат. Бишкек шаарында жашылдандыруу иши колго алынбай, чар-жайыт курулуштар жүрүүдө. Андыктан жарлыктагы талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү керек. Муну менен катар Жогорку Кеңеш да борбор шаардагы мыйзамсыз курулуштар боюнча комиссия түзүп, текшерүүсү кажет, – деди депутат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү