Депутат Баткендин тургундарына кредиттик каникул берүү зарылдыгын айтты

  • 2 года мурун

Депутат Камила Талиева Баткен облусунун тургундарына кредиттик каникул берүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ошондой эле, эл өкүлү борбор калаадагы экологиялык абалдын начарлашы тууралуу сөз кылып, Министрлер кабинетин таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга чакырды.

Эске салсак, Тажикстан тарабынан пландалган куралдуу кол салуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын 59 жараны курман болуп, 198 адам ар кандай оордуктагы жаракаттарды алышкан жана 140 миңден ашуун жергиликтүү тургун эвакуацияланган. Ошондой эле 374 турак-жай, 171 чарбалык объект, 10 социалдык объект (5 мектеп, 2 бала бакча, 3 медициналык мекеме), 153 турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери талкаланган жана жабыркаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты