Депутат аралашкан мушташ боюнча эки жаран кармалды

  • 1 год мурун

Депутат Жаныбек Абиров аралашкан мушташка катышкан эки жаран кармалды.

Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, 12-мартка караган түнү болгон окуядан кийин жаракат алып Улуттук госпиталга түшкөн адам милицияга арыз жазган. Жыйынтыгында 34 жана 35 жаштагы эки киши кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын ЖМКга берген маалыматы боюнча, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Бишкек шаарынын Элебаев көчөсүнүн ресторандарынын биринде саат 03:30да коомдук тартипти бузган адамдар Д.А. ны сабап салганы айтылат. Жабыр тарткан адам улуттук госпиталга кайрылган жана анын баш мээсинин жабыр тартуусу боюнча медициналык аныктама коюлган.

12-мартка караган түнү Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Мушташ ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров да байкалганы айтылган. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдагандай  11-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы “Жал” кичи районунда курулган көп тармактуу эс алуу аянтчасынын ачылышына катышкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты