Депутат Акбөкөн Таштанбековдун “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” деген сөзүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, аскер кызматкерлеринин айлык акысын көбөйтүү сунушун билдирген. “Кечирип койгула, бирок Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка”  40 миң сомдон ашык айлык акы алат. Биздин күжүрмөн офицерлерибиз 20 миң сомдун тегерегинде акча алат. Бул туура эмес”, — деген эл өкүлү.

Депутат Акбөкөн Таштанбековдун “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” деген сөзүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы депутат Акбөкөн Таштанбековдун сөзүндө “кастык тили” колдонулганын аныктады.

“Кастык тили” деген эмне?

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ. 

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан классификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн аброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо, ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн.

Депутат “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” деген сөзүндө “кастык тилин” колдонгон

Депутат Акбөкөн Таштанбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка”  40 миң сомдон ашык айлык акы алат” деген сөзүндө “кастык тилин” колдонгон. Бул терс баа берүүчү, кемсинтүүчү, ызаа кылуучу мүнөзгө ээ.

Депутаттын сөзү “Артикль19” уюму белгилеген “Кастык тилинин пирамидасы” боюнча “Дискриминацияга, кастыкка же зомбулукка шыкактаган мүнөзү боюнча дискриминациялык жек көрүүгө үндөө” деген түрүнө кирет. 

“Арам ою бар “лжепатриоттор”, "калпычылар”. Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Баш мыйзамда адамдын абийири жана ар-намысы тууралуу эмнелер көрсөтүлгөн?

Конституциянын 53-беренесинде ар бир адам башкалардын абийирин жана ар-намысын урматтоого милдеттүү экени жазылган.

Конституциянын 16-беренесинде “Эч ким жынысы, рассасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес” деп көрсөтүлгөн. 

Депутат Акбөкөн Таштанбековдун “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” деген сөзүндө “кастык тили” колдонулган (Фактчекинг)

Депутат Акбөкөн Таштанбековдун в “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” деген сөзү Конституциянын 16 жана 53-беренесине каршы келет.

Акбөкөн Таштанбеков тууралуу эмнелер белгилүү?

Акбөкөн Таштанбеков 2020-жылы «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын” саясий партиясы менен парламенттик шайлоого аттанган. Теледебат учурунда ал “Чоң казат” партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Сыймык Жапыкеев менен урушкан. Анда ал Сыймык Жапыкеевге “Эй, өпкөңдү үзүп алам, үнүңдү чыгарбай тур, тумшугуңду жарам” деп айткан.

2021-жылы ал Ысык-Ата бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутат болуп шайланган. Былтыр декабрь айында Таштанбеков социалдык түйүндөрдө улуттар жана аймактар ​​аралык араздашууну ачыктан-ачык козутуп жаткан видеосу үчүн суракка алынган.  Бул факты боюнча УКМК «Улуттар аралык жана аймактар ​​аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалган. Бирок бир айдан кийин ал кайра эркиндикке чыккан. 

Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңештин комитет жыйынында  окуучу кыздардын кыска юбкасы зордук-зомбулукка шыкак берип жатканын айткан. 

“Кээ бир окуучу кыздар өтө эле кыска кийип жүрүшөт. Кээ бирде кыздар ошентип провокация кылып жатышат. Жөнөкөй адам аны байкабайт, бирок педофил, жанагыдай адамдар байкап, алдынан чыгып жатышпайбы.  Ошол үчүн ата-энелер, мугалимдер менен, коомдун баары чечишибиз керек го. Мыйзам эмес, жалпы коом ушуну менен күрөшүш керек. Кыска юбкадан баштап, участкалык милиция көз салып, балдарыбыз, кыздарыбыз чоочун машиналарга отурбай тургандай караш керек”, — деп билдирген.  

Ал бул билдирүүсүндө дагы виктимблеймингдин элементтерин колдонгон.

Виктимблейминг деген эмне? 

Виктимблейминг же кыргызча айтканда жабыркаган адамды күнөөлөө — бул кылмыш, зордуктоо болгон учурда жабыркаган тарапты күнөөлөө. Башкача айтканда, коом жабырлануучуну айыптап, агрессорду, кылмышкерди актайт. Жабырлануучунун кийген кийимине, жүрүм-турумуна, иш-аракетине карата айыптоолор башталат.

Жыйынтык: Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков “Ак үй, Көй үйдөгү кайсы бир “секретутка” деген сөзүндө “кастык тили” колдонулган. Депутаттын бул сөзү Баш мыйзамдын 16-беренесине, 53-беренесине каршы келет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты