Депутат Айгүл Айдарова: “Чача-пача деген ушагыңарды токтоткула”

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айгүл Айдарова депутат айымдардын арасын аралаган ушак сөз тууралуу маселеге токтолду.  

“Кээ бир депутат айымдар куран окутуптур, биз каникулда жүрдүк да, келе албай калдык. Эми келип куран окутуп коебуз, жаткан жери жаннатта болсун. Бирок… эч качан ”көрөт элем, куран окутуп келбесең, сенин апаң өлгөндө…” деген сөздү мен айттырбайм. Айтып коеюн, коллегалар, “чача-пача” деген ушагыңарды токтоткула. Ич арада, ичиңерде чечишип алгыла. Эч качан бирөөнүн апасына асылганыңарды укпайын, мындан ары. Сиздерге тиешелүү, бардыгыңыздарга тиешелүү.  Мындан ары мындай сөз оозуңардан чыкпасын, катуу тиет экен. Ооба, куран окутулду, азыр мен эжеге барсам, кандай гана сөздөрдү айтпады” деди депутат Айдарова жалпы трибунадан.

Айдарова сөз ким тууралуу болуп жатканын ачыктаган эмес.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы үч ай мурда депутат Айгүл Айдарованы катарынан чыгарган. Айдарова фракциянын катарынан чыгарылганы менен, Жогорку Кеңештин депутаты боюнча калды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын ордуна Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Айгүл Айдарова депутат болуп келген.

Сүрөттө: Депутат Айдарова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты