Даркүл Күйүкованын уулу, КР эмгек сиңирген артисти Рысбек Абдубачаев дүйнөдөн кайтты  

  • 1 месяц мурун

22-сентябрда таланттуу вокалист, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хор артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысюек Абдубачаев узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар сасаты министрлиги билдирди.

Рысбек Абдубачаев 1961-жылы 30-январда Фрунзе шаарында кыргыз театр искусствосунун чолпон жылдыздарынын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Абдубачаев Исмаилбек Москва шаарындагы А.В.Луначарский атындагы театралдык институттун эң алгачкы бүтүрүүчүсү болсо, апасы СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси — Даркүл Күйүкова.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган соң, 1984-жылы Рысбек Исмаилбекович А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына солист болуп кабыл алынган.

Рысбек Абдубачаев өзүнүн чыгармачылык жолунда сахнада Фигаронун (“Севильский цирюльник”), Жоробектин (“Аста секин, колукту!”), Ажыбайдын (“Ай-чүрөк”), Онегиндин (“Евгений Онегин”), Карнеронун (“Цыганский барон”), Дон Жуандын (“Дон Жуан”) жана башка көптөгөн мыкты образдарды жараткан.

Чын ыкластуулугу менен өзгөчөлөнгөн, анын аткаруучулук манерасы камералык музыканы сүйүүчүлөрдүн коомчулугунда кеңири таанымал. Рысбек Абдубачаевдин репертуары кыргыз элдик ырларга, романстарга, классикалык чет элдик жана орус вокалдык чыгармаларга бай.

Акыркы жылдары Рысбек Абдубачаев дүйнөлүк жана улуттук классиктердин чоң репертуарын аткаруу менен театрдын академиялык хорунда эмгектенип келген.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жамааты, театр жана музыка коомчулугу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты, 24-сентябрда саат 09-00дө Сүйөркулов көчөсү, 6а дарегинде өтөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты