Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Социалдык тармактарда кичинекей кыз үйүнүн дарбазасында гимнастикалык көнүүгүлөрдү жасап жаткан видео тарап жатат. 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Айрым колдонуучулар “Бул каякта?” деп суроо салса, айрымдар кыргыздын кызы деп суктанышууда.

Инстаграмдагы комментарийлер: 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Mirlanbek Dzholdoshev 

“Коз тийбесин! Келечеги кен болсун. Кыргыздын келчеги”

baimurzaev_ulukbek

“Алга Кыргызстан азаматсың өнөрүң мн өркүндөй берсин”

ulan_att

“Молодец, Кыргыздын дагы Бир чыгаан кызы👍”

mederbekovv_002 

“Мамлекет ушуга окшогон жаш таланттарды сразу өз камкордугуна албастан эмнелерди карап журот э ?? Бул жер өтөө коопту экен гимнастика залына алыш керек батырак?”

guvd_bishkek

“Где это снято не подскажите?”

“ПолитКлиника” медиасы бул видео каякта тартылганына кызыгып көрдү. 

Интернет желесинде тарап жаткан видеолорду анализдеп, алгач видео 2022-жылы “Кыз дарбазада олимпиадалык программаны көрсөттү” деген аталыш менен казакстандык Инстаграм баракчаларына жүктөлгөнүн аныктадык. Аталган баракчалар казакстандык “Экспресс К” жаңылык порталына  шилтеме беришкен.

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Комментарийлердин биринде, Gimnastika_semei аттуу колдонуучу өзүнүн баракчасын белгилеп, “Байжанкызы Умит, окуучубуз” деп комментарий калтырган. 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Ал эми Galina.berezovskaya.78 аттуу колдонуучу жогорудагы Gimnastika_semei аккаунттун белгилеген. 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Аталган баракчага таянып, бул кыз Казакстандын Семей шаарындагы Олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин окуучусу деп божомолдодук.  

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Социалдык тармактардан Байжанкызы Умиттин жана анын апасы Мерейлы Масекешованын аккаунттарын карап көрдүк. Алардын видеолорун көрүп чыгып, чынында эле Умит спорттук гимнастика менен машыгарын аныктадык. 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Мындан сырткары, видеодогу дубалдарды Умиттин үйүнүн дубалдарына окшош. 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Ошондой эле, видеодо казакстандык унаанын өтүп баратканын көрсөк болот. 

Дарбазада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасап жаткан кыз кыргызстандык эмес. Фактчекинг 

Жыйынтык: Социалдык тармактарда тарап жаткан видео Казакстанда тартылган жана видеодогу өспүрүм кызды казакстандык Байжанкызы Умит деп айтсак болот. 

Кошучалай кетсек, буга чейин рондат сальто жасап жаткан кишини айрым колдонуучулар 61 жаштагы генерал Мелис Турганбаевге окшоштурушкан. “ПолитКлиника” бул маалымат чындыкка дал келбестигин далилдеген. Чындыгында сальто жасаган киши Карачай-Черкес республикасынын машыктыруучусу Расул Чомаев болуп чыккан. 

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты