Дагы эки талапкер БШКга арыз берди
- 1 год мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерликке 18-июлда Назарбек Нышанов жана Куттубек Асылбеков арыз берди.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Талапкерликке арыз бергендердин жалпы саны жети киши болду.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 10-августта аяктайт.
Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.
28-майда саат 20:00дө Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.