“Дөөлөт” курулуш компаниясынын иши боюнча комиссия түзүлдү
- 5 месяцев мурун
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Шопоков шаарында “Дөөлөт” курулуш объекттеринин иши менен жеринде таанышты.
Миңден ашык үлүштүк курулушка катышуучулар аталган компанияга бир миллиард сомдон ашык каражат төлөшкөн. Айрым үлүшчүлөр кошкон каражаттарын кийинчерээк алып кеткенине карабастан, компаниянын эсептеринде үлүшчүлөрдүн акчасынын 900 миллион сомдон ашуун сумма калууга тийиш экени айтылууда.
Ошол эле учурда курулуш иштери дээрлик жүргүзүлгөн эмес. Эл болсо эки жылдан бери үмүт менен күтүп келет. Айласы кеткен жарандар президентке кайрылышкан. Шопоков шаарынын мэриясы компанияга ири жер тилкесин бөлүп берген.
Маалыматка ылайык, жер тилкесинин аянты 8 гектердан ашык. Өз кезегинде компания 140 батирди шаардык мэриянын балансына өткөрүп берүүгө милдеттенме алган. Бирок талаптардын аткарылышы боюнча жыйынтык жок. Бул багытта атайын жумушчу комиссия түзүлгөнү айтылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




