Дүйшөнбек Зилалиев менен Мелис Сатыбеков кармалганы кабарланды

  • 5 дней мурун

Экс-вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин экс-директору Мелис Сатыбеков 13-сентябрда кармалганын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары күч структураларындагы жеке булактарга таянып жазып чыгышты.   

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) аларды лицензия берүү боюнча коррупцияга шек саналып жатканын билдиришкени жазылды.  

Бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

2022-жылы козголгон кылмыш иштин алкагында УКМК тарабынан өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалган.

Зилалиев 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды.

Бирок айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес. Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында Зилалиев УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Дүйшөнбек Зилалиевге кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш иши козголгон.

2010-2017-жылдары ар кыл жетекчи кызматтарда, анын ичинде КР Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору, вице-премьер, ошондой эле мамлекеттик мүлк фондунун директору болуп иштеп, расмий кирешесинен тышкары байлык топтогондугу боюнча айыпталган.

Дүйшөнбек Зилалиев 2018-жылы декабрда мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган. 2020-жылы октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, 9 жылга эркинен ажыраткан.

2021-жылы июнда Жогорку Сот мурдагы инстанциядагы чечимдерди жокко чыгарып, ишти кайрадан кароого жөнөткөн. Мыйзамсыз баюуга шектелип камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев тергөө абагынан бошотулган. 

Мелис Сатыбеков энергетика жана өнөр жай министринин мурдагы орун басары, геология жана жер казынасын пайдалануу агенттигинин директору болгон.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты