CPJ кыргыз бийлигин «ПолитКлиникага» эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды

  • 1 год мурун

«Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) «ПолитКлиника» медиасына карата акыркы учурда жасалып жаткан кысым боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу аталган комитеттин сайтына жарыяланды.

CPJ’дин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид кыргыз бийлигин журналисттерди маалыматы үчүн суракка чакырууну токтотуп, «ПолитКлиника» медиасына эркин иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды.

Гүлноза Саид “Азаттыктын” жергиликтүү кызматын мажбурлап жабуу менен бийлик көз карандысыз маалымат каражаттарын коркутуп-үркүтүү жолуна түшкөнүн белгиледи.

6-майда «Политклиника» медиасынын башкы редактору Дилбар Алимова суракка чакырылган. Буга Нурланбек Шакиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевди актоо тууралуу каты деп тараган сүрөт тууралуу жаңылык себеп болгон.

Эске салсак, 4-февралда “ПолитКлиника” медиасы ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен материал жарыялаган. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген.

Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. 

20-февралда ЭлТР аталган материал боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон. Андан кийин Биринчи май райондук сотуна да кайрылып, арызы кабыл алынган эмес. ЭлТР арызында “ПолитКлиника” бул материалда компаниянын жана анын кызматкерлеринин аброюна шек келтирген” деп билдирген.

Компания “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

“ПолитКлиника” медиасы материал үчүн кечирим сурабай турганын, ЭлТРдин айыптоолоруна сотто жооп берип, өз чындыгын далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Ал эми буга чейин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “ЭлТР” телеканалынын “ПолитКлиника” медиасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчү менен жазган арызын четке какканМаалыматка ылайык, министрлик арыз жазууга себеп болгон материалда маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынгандыктан ЭлТРдин арызын артка кайтарган.

Буга чейин Свердлов райондук соту жана Биринчи май райондук соту ЭлТРдин арызын кабыл албай койгондугу маалым болгон.

18-апрелде  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «ЭлТР» мамлекеттик телеканалынын «ПолитКлиника» медиасына каршы соттук отуруму өткөн. “ПолитКлиника” медиасынын жактоочусу Акмат Алагушев доогердин доо арызын толуктап келүү өтүнүчүн келтирип, отурум 17-майга жылдырылган.

«ПолитКлиника» медиасынын аталган материалы бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты