CPJ кыргыз бийлигин интернетте жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзамды жокко чыгарууга чакырды
- 1 год мурун
Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигине кайрылып, 10-февралда күчүнө кирген жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК), интернет тармагындагы сайттарда жана баракчаларда жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзамды жокко чыгарууга чакырды. Бул тууралуу маалымат аталган комитеттин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматта CPJнин Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Гүлноза Саид:»Кыргызстанда ЖМКларды жалаа жабуу жана кемсинтүү үчүн айып пулга жыгууга жол ачкан мыйзамдын кабыл алынышы өкүнүчтүү. Бул өзгөртүүлөр өлкөнүн мурда эркин болгон маалымат чөйрөсүнө дагы бир оор сокку болуп, президент Садыр Жапаровдун авторитардык башкаруусунун алкагында кабыл алынууда. Алар тез арада жокко чыгарылышы керек»,- деп билдирген.
Ошондой эле аталган комитет Кыргызстандын Президенттик аппаратына бул кырдаалга комментарий берүүсүн суранып, электрондук кат жөнөткөнүн, бирок эч кандай жооп ала албаганын билдирди.
Эске салсак, ушул жылдын 10-февралында жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК), интернет тармагындагы сайттарда жана баракчаларда жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салуу боюнча мыйзам күчүнө кирген.
Мыйзамга президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 31-январында кол койгон.
Аталган мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо үчүн жоопкерчилик каралып, бул жосундар үчүн жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Ошондой эле, киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жогорудагы берене боюнча укук бузуу жөнүндө протоколдор ички иштер органдары тарабынан түзүлөт, ал эми соттор аларды карайт.
Мыйзам 2024-жылдын 19-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Сүрөт: интернет булактары




