COVID-19: Өлкөдө бир жумада 27 учур катталды
- 2 года мурун
Кыргызстанда 27-марттан 2-апрелге чейинки бир жумада COVID-19дун 27 учуру аныкталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришти. Аталган бейтаптардын арасынан 11и ооруканага жаткырылган.
Тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.
2020-жылы жана 2023-жылдын 94 күнүндө COVID-19дун 22 миң 84 учуру катталган, анын 90,8%ы лабораториялык жактан жана 9,2 %ы клиника-эпидемиологиялык жактан тастыкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү