COVID-19: Кыргызстанда бир жумада 85 учур катталды
- 2 года мурун
Кыргызстанда бир жумада, 5-11-сентябрда, COVID-19дун 85 учуру катталды.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.
66 киши амбулатордук дарыланууда, 19 бейтап – ооруканага жаткырылган.
5-сентябрдан 11-сентбрга чейинки аралыкта тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат.
Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.
2022-жылдын 8 ай 11 күнүндө COVID-19дун 21 172 учуру катталган, анын ичинде 19 162 (90,3 %) учур лабораториялык түрдө жана 2003 учур (9,7%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү