COVID-19: Кыргызстанда — бардык аймактар “жашыл зонада”   

  • 1 год мурун

Кыргызстанда бир жумада, 21-27-ноябрда, COVID-19дун 19 учуру аныкталган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Катталган 19 учурдун ичинен 5 бейтап ооруканага жаткырылган, 14ү амбулатордук дарыланууда.

Маалыматка караганда, тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 10 ай 22 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 783 учуру катталды, анын ичинен
19774 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2009у (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты