COVID-19: Кыргызстанда 4-10-октябрда 90 учур катталды

  • 2 года мурун

Кыргызстанда бир жумада, 4-10-октябрда, COVID-19дун 90 учуру катталды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 10 киши ооруканага жаткырылган, калган 80и амбулатордук дарыланууда.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын 10-октябрына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

2022-жылдын 9 ай 8 күнүндө COVID-19дун 21 502 учуру катталган, анын ичинде 19 495 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты