COVID-19: Бишкекте жана Чүй облусунда 11 учур катталды
- 2 года мурун
27-мартка карата Кыргызстанда COVID-19дун 11 учуру катталды. Бишкекте – 9, Чүй облусунда – 2. Калган аймактарда катталган жок.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны — 200 879. Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 16 киши. Жалпы — 196 170.
Каза болгондор катталган жок.
Стационарда 89 жана амбулатордук түрдө 52 киши дарыланып жатат.
Муну бөлүшүү