COVID-19: 96 кишиге жукту. Экөө каза тапты
- 3 года мурун
6- ноябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 96 учуру катталды.
Анын ичинен:
Бишкек – 41;
Ош шаары – 0;
Чүй облусу – 24;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 14;
Жалал-Абад облусу –6;
Баткен облусу – 4.
Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү штабы билдирди.
Кыргызстан боюнча коронавирустун жалпы саны — 181 764.
Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 83 киши. Жалпы — 176 108.
Каза болгондор — 2, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Жалпы — 2683.
Стационарда 616 жана амбулатордук түрдө 835 киши дарыланып жатат.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү