COVID-19: 112 жаңы учур катталды. Үч бейтап көз жумду

  • 2 года мурун

26-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19дун 112 жаңы учуру катталды.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 43;

Ош шаары – 0;

Чүй облусу – 42;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 0;

Ысык-Көл облусу – 11;

Жалал-Абад облусу – 7;

Баткен облусу – 4.

Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык штаб билдирди.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 180 741ге жетти.

Бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны — 99. Жалпы — 175 196.

Каза болгондор — 3, алар эмдөө албагандар арасынан чыкты. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны — 2658.

Стационарда 680 жана амбулатордук түрдө 687 киши дарыланып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты