COVID-19: 11 учуру катталды

  • 2 года мурун

24-мартка карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын 11 учуру катталды.   

Анын ичинен Бишкекте – 9, Чүй облусунда – 2.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 847ге жетти.   

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Учурда 152 бейтап коронавирустан дарыланууда, анын ичинен ооруканада — 89, амбулатордук түрдө — 63 киши. 10 бейтап өтө оор абалда, 30у оор абалда.

Бир сутка ичинде 16 бейтап айыкты, Бишкекте – 10, Чүй облусунда – 3, Ош, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарында бирден бейтап сакайды.  

Айыгып чыккандардын жалпы саны 196 миң 129 киши.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты