Чоң-Арыкта ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарынын Чоң-Арык айылында 21-августта саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки мекемелерге, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Өчүрүү Чоң-Арык айылынын Чодуронов жана Береговая көчөлөрүнө тиешелүү.
Суу берүү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




