Чек ара чырында оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган (Фактчекинг) 

27-январь күнү Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында чек-ара чыры чыкты. Бул боюнча эки тарап өз версиясын айтып, окуяга ким себеп болгону анализденип жатат. 

Окуя боюнча Тажикстандык бир катар маалымат каражаттары жана Фейсбук колдонуучулары Кыргызстанды бир жактуу айыптап “Тажикстанга карата аскердик агрессия” экенин жазып чыгышкан. 

Тажикстандык Ситора Абдумуминзода аттуу жаран “Тажикстан Кыргызстандын кылганын кечирбейт” деп Садыр Жапаровду күнөөлөп, бир жактуу маалымат тараткан. 

Чек ара чырында оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы чек-ара чырына себеп болгондорду анализдеп көрдү. 

Эки тараптуу версия 

Тажикстандын версиясы

Чек-ара чыры боюнча Тажикстан  Кыргызстанды күнөөлөп жатат. Тажикстандын Asia Plus маалымат агенттиги билдиргендей

27-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:20 чамасында Аксай айылынын 50дөй тургуну  Ходжаи-Аъло аймагынан Сомониён айылына кум ташып бараткан Тажикстандыктын унаасына таш ыргыткандан улам чыкканын айтышкан. 

Бирок бул маалыматты тастыктаган фото же видео жарыяланган эмес. 

Кыргызстандын версиясы 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей окуя таптакыр башкача болгон. 

Анда 27-январь күнү саат 17:50дөр чамасында Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары оор жүк ташуучу унаага таш жүктөп келишкен. Алар таштарды Баткен — Исфана автожолуна түшүрүп жолду жабышкан жана Тажикстандын чек арачыларынын коштоосунда жүрүшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да жол ачылган. Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атуучу куралдарын колдонгону айтылган. 

Окуя болгон учурда Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары видео менен бөлүшүшкөн.  

Кыргызстандын жараны тараткан видеодо Төрт-Көчө аймагындагы жол жабылганы айтылат.

Анда жолдорго таш тизилип, эч кимди өткөрбөй жатканы белгиленген. Интернет колдонуучулары “Тажикстандыктар Төрт-Көчө аймагында толуп турушат” деген маалыматтарды айтышкан. 

Чек ара чырында оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган (Фактчекинг) 

Жолдорго таш тизилип турганын Тажикстандык “Khabar TJ” маалымат сайты бөлүшкөн сүрөттөрдө да көрүүгө болот. 

Чек ара чырында оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган (Фактчекинг) 

Башкача айтканда, ок атылганга чейин Төрт-Көчө аймагындагы жолго таш тизилип жабылганын байкоого болот. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, Тажикстандын аскерлери жолду бир тараптуу жапкан.

Оор техникалар Тажикстандын аймагында байкалган 

Тажикстан Кыргызстанды оор техникаларды колдонуу менен биринчи ок чыгарган деп айыптаган. Бирок ага эч кандай далил келтирген эмес. 

Ал эми Кыргызстан өз кезегинде, Тажикстандын чек ара аймактарына оор ок атуучу техникалар жана минаметтор тартылып жатканын билдирген. Ага далил катары, Тажикстандын жарандары интернет тармагында бөлүшкөн видеолорун карап көрүүгө болот. 

Биринчи видеодо, автоунаанын ичинде отуруп тажик тилинде сүйлөшкөн эки адам видео тарткан. Анда, шаардын ортосунда бараткан танктарды  көрүүгө болот. 

Чек ара чырында оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган (Фактчекинг) 

Видеонун акыркы мүнөттөрүндө Тажикстандын желеги жана 6060 EB 02 номурлуу автоунаа көрүнгөн. 

Маалыматка ылайык, 02 номурлуу автоунаалар Тажикстандын Кыргызстан менен чектешкен Согди аймагындагы автоунааларга таандык. 

Ал эми интернет желесине тараган экинчи видеодо да, танктар өтүп баратканда тажик тилинде кыйкырган адамдардын үнү угулган. 

Чек ара чырында оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган (Фактчекинг) 

Ошондой эле, оор аскердик техникалар өткөн мекеменин астындагы сүрөт Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун колун көтөрүп түшкөн сүрөтүнө окшош экенин байкоого болот. 

Башкача айтканда, оор ок атуучу техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган. 

Тажикстан жана Кыргызстан. Чек ара чырынан жабыркагандар 

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаганын билдирди. Мекеме тараткан маалыматта алардын абалы орточо оор экени, баары облустук ооруканага жаткырылганы айтылды.  Ошондой эле Облус боюнча жалпы 24 237 жаран эвакуацияланып, жергиликтүү тургундардын турак жайлары жана 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркаган. 

Тажикстандын «Ховар» маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны мерт болуп, дагы 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара аймактарында талаштуу тилкелерден улам байма-бай кагылышуу болуп турат. 2021-жылы жазында Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. 

Жыйынтык: Тажикстандын Кыргызстан кагылышууну биринчи баштады деген маалымат калп. Мындан сырткары, оор согуштук техникалар Кыргызстандын эмес Тажикстандын аймагында байкалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты