Чек ара чырынан жабыркагандардын саны 121ге жетти

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек ара чырынан жабыркагандардын саны 121ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабыркаган;

2. Лейлек БДБ — 35 жабырлануучу;

3. Кулунду БДБ — 3 жабырлануучу;

4. Сүлүктү БДБ — 6 жабырлануучу;

5. Улуттук госпитал – 21;

6. Улуттук хирургиялык борбор – 1;

7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 6;

8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабыркаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши  каза болгон. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты