Үч округдагы шайлоо: Шайлоочулардын 10,67 пайызы добуш берди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 30-июнда, №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо жүрүп жатат.

Шайлоочулардын катышуусу саат 14:00гө карата 10.67% түздү. Анын ичинен саат 14:00гө карата Ноокат шайлоо округу 15,39%, Ысык-Көл 10,92% жана Бишкек шаарынын Свердлов районунда -6,99% шайлоочу добуш берди.  

Шайлоочулардын саны — 311 363; добуш бергендердин саны — 33 232.

№29 Свердлов шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Бишкек шаарынын Свердлов шайлоо округу боюнча 5 талапкер катталды.

№36 Ысык-Көл шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

Ысык-Көл шайлоо округу боюнча 15 талапкер катталды.

№ 5 Ноокат шайлоо округунан катталган талапкерлердин тизмеси

 №5 Ноокат шайлоо округу боюнча, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча жана Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалган.

23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Ноокат шайлоо округунан депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты. 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. 

Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырган. Бишкек шаарынын административдик соту Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты