Чүйдө кыз уурдоого шектелип эки жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

Чүй облусунда 35 жана 30 жаштагы эки киши 2004-жылы туулган кызды ала качууга шектелип, кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн, 20-декабрда Аламүдүн райондук милициясына 2004-жылы туулган кыз кайрылып, аны 18-декабрь күнү саат 18:00дөр чамасында 25-30 жаштардагы эки киши Васильевка айылынын Фрунзе көчөсүндө физикалык күч колдонуп, «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаага салып, никеге туруу максатында белгисиз тарапка алып кетишкенин айткан. Кыз аларга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Милиция тарабынан иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында төмөнкүлөр белгилүү болгон: Аталган эки киши кызды ала качып, Маевка айылына алып барышкан. Ал жерге нике кыюу үчүн молдону да чакырышкан. Бирок кыз нике кыюуга каршы болуп, баш тарткан. Мындан кийин алар кызды Москва районунун Беловодское айылына алып барышкан жана белгисиз үйдө мыйзамсыз түрдө кармашкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Никеге туруу максатында ала качуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Москва районунун 1989-жылы туулган (35 жаш) А.М. жана 1994-жылы туулган (30 жаш) С.Н. аттуу эки жаран кыз уурдоого шектелип кармалышкан.

Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты