Аламүдүн районунда мыйзамсыз жер сатууга шектүү кармалды

  • 12 месяцев мурун

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мыйзамсыз жер сатууга шектүү кармалды.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн райондук ИИБге К.Д. аттуу жаран кайрылып, А, Б.га чара көрүүнү суранган. Ага А.Б. аттуу жаран Кара-Жыгач айыл өкмөтү жактан айыл чарба багытындагы 5,15 гектер жерди жеке үй курууга ылайыкташтырып берүүнү убадалаган.

А.Б. аталган жер тилкесин алгандан кийин өзүнө жаздырып, 4 сотыхтан бөлүп туруп, сатып жиберген. Ушундай эле арыз менен дагы 8 киши кайрылган.

Бул арыздар боюнча Чүй облустук ИИБде кылмыш кодексинин 207-беренеси, башка бирөөнүн жер участогуна ээлик кылуу жана 209-берене, алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.   

А.Б. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сүрөт: Видеодон алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты