Чүйдө 40, Ош, Баткен, Жалал-Абадда 41 градуска чейин ысык күтүлөт
- 1 неделя мурун
Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 4-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-5-июль күндөрү күндүн катуу ысышы күтүлөт. Абанын температурасы жогорулап, күндүз Чүй өрөөнүндө 35…40 градуска, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41°ка чейин, ал эми Талас облусунда 33…38 грдус жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты.
Абанын температурасы 4-июлда:
Чүй облусунда түнкүсүн +17…22, күндүз +35…40;
Талас облусунда түнкүсүн +14…19, күндүз +33…38;
Баткен облусунда түнкүсүн +19…24, күндүз +36…41;
Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +19…24, +күндүз 36…41;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…16, күндүз +25…30;
Нарын облусунда түнкүсүн +7…12, күндүз +26…31;
Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы +20…22°, күндүзгү жогорку температурасы +37…39° болот.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан