Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаашы күтүлөт
- 10 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 27-октябрда, күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош облусунун дыйканчылыкык аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаашы күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22;
Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +12…+17;
Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15;
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +11…+13, күндүз +20…+22 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




