Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт
- 9 месяцев мурун
Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, бүгүн, 22-сентябрда, күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаайт, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Юаткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метр жерге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28;
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18…+23;
Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24;
Бишкек шаарында күндүз жаан күтүлөт. Түнкүсүн +12…+14, күндүз +25…+27 градус.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




