Чүй өрөөнүндө убактылуу жашаган Баткен район тургундары электрондук добуш менен жергиликтүү шайлоого катышат

  • 1 год мурун

Бишкекте жана Чүй облусунда убактылуу жашаган Баткен районунун тургундары электрондук добуш берүү жолу менен жергиликтүү шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Аларга электрондук кол тамга берилип, электрондук добуш берүүнүн жол-жоболору жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

9-апрелде өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Баткен районунун үч айылдык кеңешинде – Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр кеңештеринде пилоттук режимде электрондук добуш берүү апробациядан өткөрүлөт.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 158 адам электрондук кол тамга алды, анын ичинде 132 шайлоочу электрондук түрдө добуш берүүгө катышууга арыз берди.

БШК кызматкерлери 2023-жылдын 24-мартына чейин (кошуп алганда) электрондук добуш берүүчү шайлоочулардын тизмесине киргизүүгө арыздарды кабыл алышат.

2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй  облустарынын  айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.

Бардык суроолорго тѳмѳндѳгү телефон номерлери боюнча кеңеш алса болот: кыска номер – 1255; +996701 702111 (whatsappКайрат).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты