Чүй облусунда жер титиреди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 14-октябрда, саат 13:17 де, Кыргызстанда очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөнүн очогу Таш-Дөбө айлынынын түндүк-чыгышынан 27 чакырым, Кара-Мойнок айылынын түндүк-батышынан 34 чакырым, Бишкек шаарынын түштүк-чыгышынан 70 чакырым алыстыкта болгон.
Жер титирөөнүн күчү Кара-Мойнок, Таш-Дөбө, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Сүрөт: : Сейсмология институту
Муну бөлүшүү




