Чүй облусунда ири канаттуулар фабрикасы ачылды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда «Ак Канат» канаттуулар фабрикасынын экинчи фазасы ачылды. 3 канаттуулар сарайын камтыган бул фабрика күнүнө 140 миң даана жумуртка өндүрөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган фабриканын иши 2022-жылы башталып, биринчи фазасында ар бири 160 000 баш жумуртка басуучу тоокторго ылайыкталган 4 канаттуулар сарайы курулган. Эми экинчи 3 сарайдан турган экинчи фазасы ишке киргени турат.

Фабрика толук кубаттуулукта иштеп баштагандан кийин күнүнө 280 миң даана азык-түлүк жумурткасын өндүрөрү маалым болду. Ишканада жалпы 50 кызматкер иштейт, анын ичинде 10 жаңы жумуш орундары түзүлгөн.

«Ак Канат» фабрикасынын экинчи фазасы – бул жалпы баасы 13,2 млн АКШ долларын Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен биргелешип ишке ашырылган ири инвестициялык долбоордун маанилүү бөлүгү. Ошондой эле «Айыл Банк» ачык акционердик коому менен жабдууларды лизинг программасынын алкагында экинчи фазага 750 миң АКШ долларынан ашык каражат инвестицияланган»,- деп айтылат маалыматта.

Фабрикада канаттуулардын кыгын дезодорациялоо үчүн тез бактериалдык ферментация технологиясы колдонулары айтылды.

«Ак канат» канаттуулар фабрикасы «Три Т» асыл тукум канаттуулар заводуна караштуу ишканалардын бири болуп эсептелинет.

Сүрөт: agro.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты