Чүй облусунда эки гектардан ашык жери менен өнөр жай объектиси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында жайгашкан 2,13 гектер жер тилкеси менен Чалдовар тигүү фабрикасын мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныктады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Аталган объекттин 2004-жылы «Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» 2002-жылдын 2-мартындагы  №31 мыйзамынын 14-беренесинин «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн усулдарын» бузуу менен аукцион же конкурс өткөрбөстөн, ошондой эле инвесторлорду тааныштырбай туруп, Фрунзе айыл өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-апрелиндеги  №21 чечиминин негизинде 2,13 га жер тилкеси менен бирге жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталды. 

«Кыргыз Республикасында Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» 02.03.2002-жылдыг 2-мартындагы №31 мыйзамына ылайык, ошондой эле мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктунда 2025-жылдагы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен «Менчиктештирүү объектилеринин наркын аныктоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгиленет. Баалоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү нормативдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат»-деп так даана көрсөтүлгөн.

Ошондой эле  «Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жер участоктору, имараттары жана курулмалары мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарына гана менчикке берилиши мүмкүн, ошондой эле алар менчиктештирилүүгө жана ажыратылууга тийиш эмес» деп белгиленген.

Учурдагы менчик ээси, Д.В.И. аттуу КР жараны – аянты 2,13 га жер тилкеси бар мүлккө ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын моюнга алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты