Чүй облусунда 4 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык ичимдик аныкталды (Видео)

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунун Сокулук районунда сатуу максатында контрафакттык алкоголдук продукция сакталган кампаны аныкташты.

Натыйжада күмөндүү акциздик маркалар менен “Аю” ЖЧКсы жана “Ак Каз” ЖЧКсы өндүргөн 4 миң 174 бөтөлкө ликер-арак тартып алынды.

Салык көзөмөлүнүн материалдары мыйзамга ылайык,  чара көрүү үчүн укук коргоо органына өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты