БУУ: Украинадан 150 миңдей качкын чыгып кетти

  • 2 года мурун

Украинадагы окуяларга байланыштуу өлкө аймагынан 150 миңдей киши чыгып кетти.

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди билдирди.

Анын айтымында, качкындардын жарымы Польшада, калгандары Молдова, Румыния, Словакия жана Европанын башка өлкөлөрүндө башпаанек табышты.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган.

Сүрөт: Umit Bektas / Reuters / Scanpix / LETA

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты