БШК жергиликтүү кеңештин депутаты Дүйшөналиев сот залынан камактан бошотулганын билдирди

  • 2 дня мурун

4-ноябрда Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылууга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге карата мурда камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган (соттун 2024-жылдын 2-ноябрындагы токтомунун негизинде).

Жалал-Абад ОИИБнын маалыматына ылайык,  тергөө кызматынын тергөөчүсү тарабынан бөгөт коюу чарасын башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу менен өзгөртүү жөнүндө Жалал-Абад шаардык сотуна өтүнүч келтирген.

4-ноябрдын кечиндеги кошумча маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык соту Жалал-Абад ОИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаттандырып, камакка алуу чарасы өзгөртүлгөн жана сот залынан камактан бошоткон.

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө кайрылуу Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан каралууда.

Массалык башаламандыкка шектелип, Жалал-Абаддагы убактылуу абак жайына камалган Токтогул шаардык кеңешине “Эркин эл саясий партиясынан талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаты Болотбек Дүйшөналиев 1-ноябрда камалганы белгилүү болгон.

Ал Токтогул шаардык кеңешинин мурунку чакырылышынын депутаты, жергиликтүү көйгөйлөрдү көтөрүп, социалдык тармактарга жарыялап келген.

Сүрөттө: Болотбек Дүйшөналиев. Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты