БШК Жаныбек Абировдун депутаттыкка талапкерлигин каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды

  • 12 месяцев мурун

Бүгүн, 2-августта, Борбордук шайлоо комиссиясы жумушчу топтун №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого депутаттыкка талапкерликке катталуу арызын четке кагуу чечимин чыгарды. БШК мүчөлөрү чечимди колдоду.

БШКнын жумушчу тобу Жаныбек Абировдун талапкерликке катталуу арызын четке кагуу чечимин кабыл алды. БШК ал чечимди колдоду.

БШК мүчөсү Тынчтык Шайназаров Жаныбек Абиров шайлоого катышууга толук укугу бар, ал кезинде өз каалоосу менен мандатын тапшырган деп билдирди. Шайназаров жумушчу топтун чечимин мыйзамсыз деп эсептей турганын айтты.

Жаныбек Абиров 2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ушул жылдын 11-мартында Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 

БШК 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн.Бирок Боршайком добуш берүүнүн жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86 % добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

Талапкерлердин арызын алуу 10-августта аяктайт жана каттоо 20-августка чейин жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты