Бостериде айлампанын кабинасы ийилип, үч киши бийиктиктен кулап кала жаздаган

Бостериде айланага улам бийиктеп көз чаптыруучу айлампа — “шайтан дөңгөлөктүн” (колесо обозрения) кабинасы ийилип, ичиндеги үч киши бийиктиктен кулап кала жаздаган. Бул тууралуу “Короче“ телеграм-каналы видео тасма жарыялады. Окуя 27-июлда болгону айтылат. 

Маалыматта айтылгандай, кабинанын эшиги ачылып кетип, бийиктикке көтөрүлүп калганда айлампанын конструкциясына илинип калган. Кабинанын ичиндеги кишилер эшикти жапканга аракет кылып, кыйкырып, чуру-чуу түшүшкөн. Адегенде аларды эч ким байкаган эмес. Кабинка ийилип, силкилдей баштаган. Аларды акыры байкашып, “шайтан дөңгөлөк” тескери жакка айланып, кабинанын ичиндегилердин баары аман-эсен түшүшкөн.

29-июлда экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл аймактык башкармалыгынын инспекторлору 28-июлда интернет булактарына жарыяланган Бостери айылында жайгашкан “Колесо обозрения” аттракционунда кооптуу абал жаралгандыгы тууралуу маалымат боюнча тиешелүү чараларды көрүштү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлүп, аттракцион жайгашкан жерге барып текшерүү иштери жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аттракцион ээсине төмөнкү талаптар коюлду:

Аттракциондо кооптуу абалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн тийиштүү адистештирилген мекемеден техникалык корутунду алуу;

Кооптуу абалдын кайталанбашы үчүн аттракционду атайын адистери бар уюмдар тарабынан толук техникалык кароодон өткөрүп, тиешелүү корутунду алуу;

Жогорудагы талаптар толук аткарылганга чейин аттракционду иштетүүгө тыюу салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы коомчулукту коопсуздук эрежелерин сактоого жана мындай учурларда ыйгарым укуктуу органдарга дароо кабарлоого чакырат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты