Борбордо жаңы №19 автобус каттамы ишке кирди
- 1 неделя мурун
Бишкек шаарында, бүгүн, 11-ноябрдан тартып, №19 муниципалдык автобус каттамы ишке кирди.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, №19 автобус Ош базарынан Бишкектин батыш тарабындагы Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттаган каттамдар үчүн убактылуу ачылган бекетке чейин барат.
Белгилей кетсек, убактылуу иштеп жаткан автобекетке чейин №13, 40 муниципалдык автобус каттамдары жана №258 кичи автобус дагы барат.
Бишкек шаарындагы батыш автобекети, анын ичинде «Акжол» кичи автобекети толугу менен ишин токтотту, көчүрүү иштери жүргүзүлдү. Аймактарга жолго чыксаңыз, Ысык-Көл, Нарынга барууну пландаган жүргүнчүлөрдү Алма-Ата, 1/1 дареги боюнча «Бишкек автовокзалы» жаңы автобекетине, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткенге «Ак-Кула» жаңы ат майданы тараптагы (МАИ постунун жанында) дарек боюнча баруу керек.
Сүрөт: Интернет булактарынан