Борбор шаардын Муромский көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөртүлөт

  • 6 месяцев мурун

Эртең, 18-апрелден тартып Муромский көчөсүнүн Б. Алыкулов көчөсүнөн Кипкалов көчөсүнө чейинки бөлүгү жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылат.

Жолду оңдоонун алкагында канализация жана суу түтүктөрүн оңдоо, жолго эки кат асфальт төшөө, ошондой эле ирригациялык системаны куруу иштери жүргүзүлөт.

Жолдун туурасы 14 метрди түзөт, эки тарабында 3 метрден тротуар салынат.

Буга байланыштуу № 23, 18, 135 жана 161-автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси да өзгөртүлөт. Аталган каттамдар убактылуу башка жолдор аркылуу каттайт.

Мэрия  шаар тургундарынан убактылуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылып, алдын ала альтернативдүү жолдорду пайдаланууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты