Борбор шаардын бир бөлүгүндө суу убактылуу болбойт
- 2 месяца мурун
Бишкекте 15-апрелде саат 10:00дөн 22:00гө чейин айрым турак жай, мектеп, мектепке чейинки балдар мекемелери, саламаттык сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге ичүүчү суу берүү токтотулат.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Өчүрүү аймагы Сарбан, Жал айылдары, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2, Селекциянын жаңы району, Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары, Сокулук району Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы) менен чектешет.
Ичүүчү суу «Баш-Кара-Суу» суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
“Бишкек суу канал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан