Борбор шаардын бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт
- 2 месяца мурун
Эртең, 17-апрелде Бишкектин бир катар турак үй, мектеп, балдар бакча, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде саат 09:00дөн 16:00гө чейин ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бул тууралуу борбор шаардын мэриясы билдирди.
Өчүрүү району: Абакан көчөсү — Дэн Сяопин пр. — Кустанай көчөсү — темир жол тилкеси;
— Кустанай көчөсү — Волков көчөсү — Садыгалиев көчөсү, — Дэн Сяопин пр.
Ичүүчү суу «Киркомстром» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
«Бишкек суу канал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана уюмдардан, калктан алдын ала ичүүчү сууну камдап алууну суранат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү