Борбор шаарда Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

  • 1 год мурун

Эртең,  9-апрелден тартып, Фрунзе көчөсүнүн Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Ахматбек Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо, эски түтүктөрдү алмаштыруу иштери башталат. Буга байланыштуу аталган тилкеде унаа кыймылы 2025-жылдын 31-августуна чейин жабылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Реконструкциялоонун алкагында түтүктүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин болот. Бул гидротехникалык режимди жакшыртат жана жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Бишкек шаарынын мэриясы жол тыгындарын болтурбоо үчүн каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту пайдаланууну сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты