Борбор шаарда Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды
- 1 год мурун
Бүгүн, 25-августта, Бишкекте эртең менен жумуш аяктап, Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Аталган тилкеде асфальт жаңыланып, жаңы бордюрлар орнотулуп, жол сызыктары түшүрүлүп, жол белгилери орнотулду.
Жол боюндагы тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатканы кабарланды.
Сүрөт: bishkek.gov.kg
Муну бөлүшүү




