Болот Темировду аэропортко бажы көзөмөлүнө алып киришти (Видео)

Иликтөөчү журналист Болот Темировду алты киши “Манас” аэропортунун бажы көзөмөлүнөн өтүүгө алып киришти. Аны Москвага учакка салып жибериши ыктымал.

Бул тууралуу Клооп басылмасы видео жарыялады.

Буга чейин укук коргоо органдары Болот Темировдун аэропортто эместигин билдирип келишкен. Ал эми иш жүзүндө аны «Манас» эл аралык аэропортунда жарым саат кармашкан.

Актилек Капаров Фейсбукта Болот Темировду соттон алып кеткен автомашина «Манас» аэропорту тарабында турганын билдирген.

Бүгүн, 23-ноябрда, Бишкек шаардык соту Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарды.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты