Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)

22-январда күч органдары иликтөөчү журналист Болот Темировду кеңсесинен кармап кетишти. ИИМден билдиришкендей, журналисттин чөнтөгүнөн маңзат табылып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгон. Болот Темиров чөнтөгүнө пакетти укук коргоо органдары салып койгонун, жалаа жабылып жатканын билдирди.

Андан кийин Болот Темиров Бишкек шаардык ИИБине жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган. Бул активисттер жана журналисттердин арасында бир топ нааразычылыктарды жаратып, Ички иштер министрлигинин астында тынчтык митинги өткөрүлгөн. 

“ПолитКлиника” медиасы Болот Темировду кармоо жана митинг убагында бир канча шектүү адам катышканын аныктады. 

Мас абалда аварияга себеп болгон тергөөчү адвокат катары кирип кеткен 

22-январь күнү күч органдарынын кызматкерлери кеңседеги  Болот Темиров кармалып турган бөлмөгө журналисттерди жана активисттерди киргизген эмес. Алар бул кадамын “тергөө амалдарынын” жүргүзүлүп жатышы менен түшүндүрүшкөн. 

Кийинчерээк өзүн “Темировдун адвокатымын” деп тааныштырган Кылычбек уулу Төлөн аттуу жаран бөлмөгө кирип кеткен. 

Бул боюнча журналист Болот Темиров 23-январда сурак берүүдөн чыкканда комментарий берип,  Кылычбек уулу Төлөндү тааныбай турганын жана ал Болотко ар кандай суроолорду берип, маалыматтарды билүүгө кызыкканын айткан:

“Мен ал адам менен таптакыр тааныш эмесмин. Мага жөн гана жардам берүү үчүн жүргөнүн айтты. Бирок, мени алып кетип жаткан машинеге дагы чыгып алып, Бишкек ШИИБге анын менин адвокаттарымдан да биринчи келгени шек жаратты. Ал адам мага суроолорду берип, ар кандай маалыматтарды билүүгө аракет кылды. Бирок мен өзүмдүн адвокатыма гана жооп береримди айтып, сүйлөшпөй койдум”, — деп билдирген. 

Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)

Белгилүү болгондой, Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Кылычбек уулу Төлөн 2018-жылы мас абалында жол кырсыкка себеп болгон. ЖМКлардагы маалыматка ылайык, «Тoyota camry» автомашинасын мас абалда башкарып бараткан майор Төлөн Камчыбек уулу жол чырактын кызыл жарыгына карабай өтүп барып, «Toyota avensis» унаасын сүзгөн.

«Toyota avensis» автоунаасынын ичинде айдоочунун өзүнөн тышкары аялы жана үч баласы болгон. Окуядан балдар ар кандай деңгээлде жаракат алып, айдоочу Улан Орозалиевдин мээси чайкалган. Кийинчерээк ИИМ Төлөн Камчыбек уулунун айыбын далилдеп, кызматтан четтетилгенин билдирген.

Ошондой эле, Болот Темировду сурак кылып жаткан учурда беткап кийген адамдар да байкалган. 

Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)

Ал өзүн журналисттерге өзүн “ Марат Ибраев, активист” деп тааныштырган. Ачык булактарда Марат Ибраев деген активист тууралуу маалымат жок. Бирок чуулуу окуяларга аралашкан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Ибраев Марат Тажиевич жана актер Марат Ибраев тууралуу  маалыматтарды табууга болот. 

Белгилей кетсек буга чейин “Temirov Live” редакциясынын журналисттери Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу митингде, активисттерди таратуу үчүн милиция кызматкерлеринин катышканын аныктап чыгышкан. Болот Темиров бул окуя боюнча “ИИМдин төмөн иш аракети” деп баалаган. 

Журналист Болот Темировду колдоо митингинде да беткап кийип, четте карап турган 10дон ашык адамды байкоого болот. Аларды камера менен тартууга аракет кылганыбызда, дээрлик баары жүзүн алып качып, өзүн тааныштыруудан баш тартышты. Эгер ушул адамдардын ким экенин билсеңиз биздин WhatsApp +996773778957 номерибизге жөнөтүңүз.

Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)
Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)

Башкача айтканда, ИИМ кызматкерлери жарандык кийим менен митингдерге катышып, провокация уюштурууга аракет кылган окуялар буга чейин байкалып келген көрүнүш.  

Текебаевге кол көтөргөн видеодогу депутат Анарбек Маликов да бар

23-январда Болот Темировду бошотуу талабы менен уюштурулган митингде Токмок шаарынын депутаты Анарбек Маликов да жүргөн. 

Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)

Ал журналисттерге,  “Мен Анарбек Маликов эмесмин” деп суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Бирок сүрөттөн көрүнүп тургандай, ал Токмок шаарынын депутаты Анарбек Маликовдун дал өзү. 

Белгилей кетсек, буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Анарбек Маликовдун 1-декабрь күнү оппозициялык лидер Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында болгонун аныктаган. 

Ал, мандаты талашка түшүп, кош жарандуулукка шектелген Медербек Саккараевдин иниси болуп саналат.

Провокаторлор 

Митинг убагында провокациялык аракеттер да болгон. Жолдошбек Сыргаков аттуу жаран: “Бул жерде сөз эркиндиги тыйылган жок. Ар ким өзү каалагандай сүйлөп жатат. 30 жылдан бери ушундай сөз эркиндиги болду беле?!”,- деп кыйкырган.

Ошондой эле, “Абдил Сегизбаевдин аялы деле журналист ага эмнеге күйбөйсүңөр? ал 1 жылдан бери камакта жатат. Ал Батыштын акчасын алып иштеген журналист экен, наша менен кармалыптыр. Дагы эмне керек силерге?!”, — деген,  сөздөрдү айткан. 

Интернеттеги маалыматтарга ылайык, Жолдошбек Сыргаков көптөгөн саясий митингдерге катышып келет. 

Болот Темиров митингиндеги шектүү жүздөр. Аварияга шектелген мас тергөөчү, Текебаевге кол салган видеодогу депутатка чейин (Фактчекинг)

Инстаграммдагы аккаунтунда Садыр Жапаровдун штаб квартирасындагы айымдын сүрөтүн киргизген. Бирок, анын башка байланышын табуу мүмкүн болгон жок. 

Жыйынтык: Иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоо митингине күч түзүмдөрүнөн жана башка саясий күчтөрдүн да катышканы чындык. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты