Болот Темиров БУУнун комитетине кайрылды

  • 3 часа мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча комитетине кайрылды.

Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

“Абдан кыйын, өз кезегинде мага про боно (акысыз) кызмат көрсөткөн юристтердин командасы БУУнун адам укуктары комитетине менин атыман арыз даярдады жана жиберишти. Документ 47 беттен турат, 100 пункттан ашык, анда бийлик тарабынан мага байланыштуу акыйкат соттук териштирүү, жарандык, өзүм билемдик менен кармоо, өз пикирин эркин билдирүү эркиндиги боюнча эл аралык укуктарымдын бузулгандыгы тууралуу ”деп билдирди Болот Темиров.

Болот Темиров иликтөөчү журналист, Temirov Live жана «Айт-айт десе» долбоорлорунун негиздөөчүсү, 2022-жылы 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен өлкөдөн чыгарылган.

Чечим кабыл алынгандан кийин «Манас» аба майданынан күч менен Бишкек-Москва каттамына отургузулган жана аны күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коштоп кетишкен. Боло Темиров Орусияга депортацияланган.

Темиров сот өкүмүн бийликтин өч алуу аракети катары баалап, ал Кыргызстандын жараны экенин, шаардык сот мыйзамсыз чечим чыгарганын айткан.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде өлкөнүн жогорку бийлиги иликтөө журналистикасына, анын ичинде Болот Темировдун иликтөөлөрүнө кандай карайт деген суроого мындай жооп берген:   

 Иликтегендердин баарын, мейли ким болбосун колдойбуз. Бир гана сураныч эки жактуу иликтешсе. Эгер кимдир бирөө уурдап атса же коррупция кылып жатса сөзсүз көңүл бурабыз. Жазалайбыз. Аларсыз деле өзүбүз жазалап жатабыз. Алардын иликтегени да бизге жардам болот. Бирок бир жактуулук, каралоо, душмандык кылуу, жеке кызыкчылык менен иликтеп жатышпайбы. Албетте андайларды колдобойбуз. Болот Темиров «үрө берет, кербен жүрө берет». Анын иликтөөлөрүнө көңүл бурбайбыз,-деди президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен, алардын баары камакка алынган. 

Кийин редакция кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган. 9-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Биринчи май райондук соту Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан Махабат Тажыбек кызынын, Азамат Ишенбековдун, Актилек Капаровдун жана Айке Бейшекееванын камактагы мөөнөтүн дагы узарткан.

Азыркы учурда 11 журналисттин иши Ленин райондук сотунда каралып, жакында өкүм чыгарылганы турат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөттө: Болот Темиров. Интернет булактарынан

  
 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты