Бишкектин вице-мэри лифттерди тейлөө акысынын көтөрүлүшү боюнча маалымат берди
- 2 месяца мурун
Борбор калаадагы лифттерди тейлөө акысынын көтөрүлгөндүгү боюнча Бишкек мэриясынын вице-мэри Рамиз Алиев комментарий берди. Бул тууралуу Kaktus.media жазып чыкты.
Анын айтымында, муниципалдык лифттерди тейлөөнүн акысы 2009-жылдан бери жогорулаган эмес. Бул «Бишкекгорлифт» ишканасынын кызматкерлеринин аз айлык маяна алуусуна алып келген. Мындан улам ал бул тармакта иштөөнү каалаган жаш кадрлар жок экендигин айткан.
«2024-жылдын 1-августунан тартып борбор калаанын лифттерин тейлөө тарифи турак жайдын чарчы метри үчүн айына 8,31 сомго чейин көтөрүлгөн. Бул акча ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө, лифттерди тейлөөгө жана видеокөзөмөл камераларын орнотууга жумшалат. Вице-мэр «Бишкекгорлифт» муниципалдык ишканасынын балансында 966 лифт бар экенин айтты. Алардын 50 пайыздан ашыгы алмаштырууну талап кылат, анткени алардын иштөө мөөнөтү 25 жылды түзөт, бирок иш жүзүндө көпчүлүгү 40 жылдай иштеген»,- деп айтылат Kaktus.mediaнын маалыматында.
Вице-мэрдин айтымында, 2023-жылы 102 лифтти алмаштыруу иштери жүргөн. Жакынкы беш жылда борбор калаадагы бардык муниципалдык лифттер алмаштырыларын билдирген. Ошондой эле бир лифтти алмаштыруу үчүн мамлекет 2 млн сом короторун айткан. Бул суммага лифттин өзүнүн баасы — 12 миң доллар, ташып келүү жана орнотуу жумуштарынын акысы кирет.
Рамиз Алиев лифттерди тейлөө кызматынын акысы көтөрүлгөндөн баштап, «Бишкекгорлифттин» кызматкерлери 40 миң сомго чейин айлык ала башташканын жана бул тармакк жаш кадрларды чакырып баштаганын айткан.
Сүрөт: интернет булактары