Бишкектин “Тунгуч” кичирайонунда ысык суу убактылуу өчүрүлөт
- 2 недели мурун
Бишкек шаарынын “Тунгуч” кичи районунда 8-июлда саат 9:00дөн 14:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат.Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы маалымдады.
Өчүрүү №9-насостук станциянын өчүрүү жана жөнгө салуу клапандарын пландуу оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
“Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү